Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2019-жылдын 17-июну № 115
Жайыт акыдан түшкөн 308000 сом акча каражатын Ак-Суу ЖПБне чегерүүгө жана анын 3/1 бөлүгү болгон Ак-Суу айыл өкмөтүнө түшүүчү 102666 сомду Ак-Суу ЖПБнин эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнун башчысы А.Халмуратов менен Ак-Суу ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаев менен түзүлгөн эки тараптуу келишимин угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Халмуратов менен Ы.Жумабаевдин ортосунда тузүлгөн келишими жактырылсын.
2. Жайыт акыдан түшкөн 308000 сом акча каражатынын 3/2 бөлүгү болгон 205334 сом акча каражатын Ак-Суу ЖПБнин эсебине чегерүүгө макулдук берилсин.
3. Ак-Суу айыл өкмөтүнө жайыт комитеттинен түшүүчү 308000 сом акча каражатынын 3/1 бөлүгү болгон 102666 сом акча каражатын жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ЖПБнин эсебине чегерүүгө макулдук берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго, көзөмөлдөө өкмөт башчы А.Халмуратовко тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ш. Анарбаев |