Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2019-жылдын 17-июну № 118
Ак-Суу айылынын жашоочуларынын
кайрылуусун кароо жөнүндө
Ак-Суу айылынын жалпы жашоочуларынын айылдык кеңештин төрагасына жазган кайрылуусунда айтылган Ак-Суу айылындагы Эгемендүүлук орто мектеби жана М.Горький атындагы орто мектептерди бириктирип айылда жашаган элдердин улуттар аралык достук мамилесин чыңдоо ,бекемдоо максатында жаңыдан курулган типтүү 475 орундуу мектепте кыргыз-өзбек улутунун балдары бирге окуй турган кыргыз –өзбек тилдүү мектеп катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын жалпы жашоочуларынын кайрылуусу көңүлгө алынсын .
2. Ак-Суу айылындагы эки мектеп Эгемендүүлук орто мектеби жана М.Горький атындагы орто мектептер бириктирилип айылда жашаган элдердин улуттар аралык достук мамилесин чыңдоо ,бекемдоо максатында жаңыдан курулган типтүү 475 орундуу мектепте кыргыз-өзбек улутунун балдары бирге окуй турган кыргыз –өзбек тилдүү мектеп катары 2019-жылдын 2-сентябрынан баштап Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби аталышында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилсин.
3. Суралсын Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн тийиштүү документтерди даярдап, буйрук чыгарып берүү жагы.
Төрага | А.Саматов |