Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 120
Айыл аймагында эпизотологиялык абалды жакшыртуу багытында ветинспектордун аткарып жаткан иштери жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсүкөңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн вет инспектору А.Маматкуловдун аткарып жаткан иштери канааттандырылсын деп табылсын. (билдирүү тиркелет)
Төрага | А. Саматов |
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Суу ветеринардык сервисинин 2019-жылдын алты айлыгындагы аткарган жумуштары боюнча маалымат.
1.Ири мүйүздүү малдар боюнча:
-Бруцеллёз ылаңыны алдын алуу жана аныктоо үчүн ири мүйүздүү малдар дан анализ (кан) алуу алты айлык планда 2400 баштан алуу керек, аткарылга ны 1237 баштан анализ алынды.
- Шарп (аксыл) ылаңынын алдын алуу боюнча алты айлык планда 4500 баш ири мүйуздүү мал эмдөөдөн өтүү керек, аткарылышы 4500 баш.
-ири мүйүздүү малдарды (музоолорду) идентификациядан өткөрүү(биркалоо) 200 баш ири мүйүздүү малдар идентификациядан өткөрүлдү.
-Карасан ылаңыны алдын алуу боюнча алты айлык планда 1500 баш эмдөө дөн өтүү керек, аткарылышы 1600 баш.
2. Майда мүйүздүү малдар боюнча:
-Күл ыланына каршы эмдөө алты айлык планда 3400 баш, эмдөодөн өтконү 3300 баш.
3. Иттер боюнча:
- Кутурма ыланына каршы эмдөө алты айлык планда 300 баш, аткарылышы 357 баш.
-Эхинококкоз (ич-курттарга) га каршы алдын ала дарылоо планда 800 баш, аткарылышы 714 баш.
-жолбун иттерди атуу 120 башка аткарылды.
Вет.инспектор: А.Маматкулов.