Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 122
Алты ай ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун берген билдирүүсү канааттандырарлык эмес деп табылып эскертүү берилсин. Добушка коюлганда 13 депутат макул 1 депутат каршы, калыс жок.(маалымат тиркелет).
2. Аткарылбай калган иштер жыл ичинде толугу менен аткарууга алынбаса, иш орду каралсын
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Саматов |
2019-жылдын биринчи жарым жылда жергиликтуу бюджеттин аткарылышы жонундо айыл окмотунун башчысынын кыскача
МААЛЫМАТЫ.
Урматуу Аксуу айылдык кенешинин депутаттары жыл башында райондук салык кызматы менен макулдашылып бекитилген Ак-Суу айыл окмотунун 2019-жылдын биринчи жарым жылдык (жергиликтуу салыктардын) киреше болугунун аткарылышы томонку таблицада корсотулгондой башкача айтканда жалпы алты айлык план тапшырма 886069 сом болсо , аткарылышы 929651 башкача айтканда 105% га аткарылды.
Ар бир салыктын туру боюнча томонку таблицада корсотулгон.
| Салыктардын туру | План | Факт | Айырма | Аткарылышы |
1 | Ыктыярдуу патент | 82600 | 106820 | +24220 | 129 |
2 | 2-топтогу мулк салыгы | 6322 | 6600 | +278 | 104 |
3 | 4-топтогу мулк салыгы (транспорт) салыгы | 128015 | 130651 | +2636 | 102 |
4 | Тамарка салыгы (физ лис) | 73334 | 74200 | +866 | 101 |
5 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы (юриди) | 83569 | 86452 | +2883 | 103 |
6 | Айыл чарбасына арналбаган жер салыгы | 6939 | 17859 | +10930 | 257 |
7 | Ижара акы (ФПЗ) | 469290 | 470349 | +1059 | 100 |
8 | Мамлекеттик мулктун ижара акысы | 36000 | 36720 | +720 | 102 |
| Жалпы: | 886069 | 929651 | 43582 | 105 |
Чыгаша болугу тактап айтканда айлык акы, социалдык толом, транспорттук чыгым, сапардык чыгым комуналдык чыгым, балдар учун тамак аш б.ж бардык сметада каралган чыгаша болугу пландын негизинде толонуп же болбосо откорулуп берилген.
(тиркеме тиркелет)
Ал эми сиздер менен жылдын башында кабыл алган онугуу программасынын алты ай ичинде 10 ишчаранын тендери откорулуп жана аткарылган анын ичнен жергиликтуу бюджеттен инвестиция тартуу аркылуу аткарылган ал эми авариялык абалда турган Аравали копуросу жакынкы кундорду башталуу алдында турат.
Алар томонку иш чаралар :
1. Аравали копуросун капиталдык ремонттон откоруу.
2. ЮСАИД уюму колдоосу менен Аравали головнойун ремонтоо.
3. Айыл аймагы боюнча кочолорго ат коюуу жана уйлорго номер илуу.
4. Жеке ишкер тарабынан песко блок чыгаруучу цех куруу.
5. Омур Суу СПАсына жаны МТЗ 82 экскваторун сатып алуу.
6. Балажан жана Кызгалдак балдар бакчаларына ойноочу аянтчаларын куруу.
7. Айыл аймагындагы аз камсыз болгон уй-булолорго жардам корсотуу.
8. Ак-Суу айылына мусор таштоочу жайдын айланасын тосуу.
9. Ак-Суу дарыясынын жээктерин тосуу Ак-Суу жана Алга айылдарында.
Ал эми калган иш чаралардын керектуу долбоорлору жасалып сметалары даярдалган жыл ичинде аягына чейин толугу менен буткоробуз.