Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 123
Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо адисинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо адиси Н.Бавраимованын аткарып жаткан иштери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Социалдык жактан коргоо адиси Н.Бавраимованын билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо адиси Н.Бавраимованын аткарып жаткан
иштери канааттандырылсын деп табылсын. (маалымат тиркелет)
Төрага | А. Саматов |
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн соц.адисинин 2019-жылдын 9 айлыгына карата
көрсөтүлгөн жардамдар боюнча
МААЛЫМАТ.
Соц. Коргоого алынган атуулдарга Ак-Суу айыл Өкмөтү тарабынан берилүүчү женилдиктердин 2019-жылга карата сметада 222000,0 (эки жүз жыйырма эки миң) сом акча каражаты каралган.
2019-жыл 8-март Бүткүл Дүйнөлүк аялдар күнүнө карата 18230 (он сегиз мин эки жүз отуз) сом акча каражаты каралып Өкмөт аймагындагы орто жаштагы аялдарга майрамдык салтанат өткөрүлдү.Майрамдык салтанат концерттик программа жана майрамдык дасторкон уюштурулуп майрамдык кече өттү.
Айыл Өкмөттүн женилдиктер статьясынан Өкмөт аймагындагы тургундардын жазган арыздырынын негизинде протокол түзүлүп 73000 (жетимиш уч мин) сом акча каражатынан жардам көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги «Бүткүл Дүйнөлүк балдарды коргоо күнүн өткөрүү жөнүндөгү», Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагында 1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата тоголок жетим Худайназарова Санобардын өздүк эсептик счетуна айыл Өкмөтүн женилдиктер статьясынан жалпы 3000 сом акча каражаты которулду жана райондо өткөн майрамдык салтанатка балдардын барып келүүсүнө 1600 сом акча каражаты жумшалды.
Ак-Суу айыл Өкмөтү аймагында жашаган аз камсыз болгон турмуш шарты оор 100 үй-бүлөго « АССАНАБИЛ» кайрымдуулук фонду азык түлүктөн жардам көрсөттү.
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо адиси: | Н.Баврайимова |