Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 126
Ак-Суу айыл аймагындагы дүкөндөрдөгү азык-түлүктөрдү ветеринардык санитардык экспертизадан өткөрүүдө коюлган прейскуранты айылдык кеңеште бекитип берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы дүкөндөрдөгү азык-түлүктөрдү ветеринардык санитардык экспертизадан өткөрүүдө коюлган прейскуранты айылдык кеңеште бекитип алуу жөнүндө вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсүнүн угуп, депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Айыл аймагындагы дүкөндөрдөгү азык-түлүктөрдү ветеринардык санитардык экпертизадан өткөрүүдө коюлган прейскурант бекитилсин.(билдирүү тиркелет)
3. Бул чечимдин аткарылышын камсыз кылуу вет.инспектору А.Маматкуловго, көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы
А.Халмуратовко,
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы
А.Саматовко
Билдирүү
Ак-Суу айыл аймагындагы дүкөндөрдөгү сатылуучу азык- туулукдарды ветеринардык- санитардык экспертизадан өткөрүүдө коюлган прейскуранты АК-Суу айылдык кеңеши нин сессиясында бекитип берүуңуздөрду билдиремин.
Прейскурант тиркелет.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн вет. инспектору | А.Маматкулов |