Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 127
КУАУ алдындагы С.Ибраимов атындагы колледжине ветеринардык адистигине окууга тапшырган, Ак-Суу айылынынтургуну Маматкулов Нурбектин 2 (эки) жылдык кантрагын төлөөгө макулдук берүү жөнүндө
КРО караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2019-жылдын 28-февралындагы №10-1/0781 чыгыш катынын негизинде ветеринардык адистигине окууга контракт негизинде кабыл алынган Н.Маматкуловдун 2 жылдык контрагын айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөөгө макулдук алуу жөнүндө вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсүнүн угуп, депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын. Ак-Суу айылынынтургуну Маматкулов Нурбектин 2019-2020-окуу жылындагы контрагына Айыл өкмөтүнүн бюджеттинен 30000 (отуз миң) сом төлөөгө макулдук берилсин. (билдирүү тиркелет)
2. Бул чечимдин аткарылышын камсыздоо КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго, көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы
А.Халмуратовко,
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Саматовко
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн вет. инспек
тору А.Маматкуловдан
Билдирүү
Жергиликтүү элет жериндеги жашоочулардын бирден бир киреше табуу булагы болуп мал чарбасы эсептелинет.Ал эми малдын ден соолугун жана тамак аш коопсуздугун туруктуу жакшы абалда кармоо ветеринардык ишти уюштурууга байланыштуу.
Жергиликтүү жаштардан ветеринардык адистикке окутуп өз туулуп өскөн айылында иштеп калуусуна шарт түзуп берүү айылдык өз алдынча башкаруу органдарынын эң негизги максаты болуп саналат.
Кыргыз Улуттук агарардык университети тарабынан мектепти бүтүрүүчүлөргө жеңилдик берилип республикалык жалпы тестирлөөдөн 100 баллдан жогору алгандарды келишим дин негизинде Ветеринардык медицина жана биотехниология факультетине кабыл алып окутуп берүүгө жардам көрсөтүлөрүн билдиришти.Эгерде 100 баллдан төмөн болсо КУАУ алдындагы С.Ибраимова атындагы агротехникалык колледжге ветеринардык атайын орто билимге ээ болуш үчүн жеңилдетилген тартип менен келишимдин негизинде окутканга кабыл алынат.
Азыркы убакта мал көбөйүп Ак-Суу айыл аймагында беш айылга ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн ветеринардык адистер жетишбейт.Ар бир айылдарда ветеринардык адис жана ветеринардык клиникалар блоууга жетишүү керек.
Азыркы убакта жаштар ветеринардык адистикке окубай жатышат.Окугандарыда шарт жоктугуна жана элдердин мал ден-соолугуна көңүл бурбагандыгына байланыштуу айылга иштегени келишбей жатат.
2019-жылдын 25 июлунда Ак-Суу айылынын тургуну 11 классты аяктаган Маматкулов Нурбек КУАУ алдындагы С.Ибраимова атындагы агротехникалык колледжине ветеринар дык адистигине окууга тапшырып контрактин негизинде окууга кабыл алынды. Колледжде эки жыл окуу жүргүзүлот. Маматкулов Нурбек окууну аяктап ветеринардык адистигин алгандан кийин албетте айылга келип жеке ветеринар болуп иштейт.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосани тардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2019-жылдын 28 февралдагы № 10-1/0781 катынын негизинде жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын талкуусуна бул олуттуу маселени коюп КУАУ алдындагы С.Ибраимова атындагы колледжине келишимдин негизинде окутууга кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен төлөп берууну суранамын жана билдиремин.Контракт бир жылга 30000 (оттуз) миң сомду түзөт.
Билдирүунү берген Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн вет. Инспектору: | А.Маматкулов |