Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 128
Ак-Суу айылдык жалпы орто билим берүү мектебинин алдындагы авто жолго автомашиналардын ылдамдыгын азайтуучу белги орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айылдык жалпы орто билим берүү мектебинин алдындагы авто жолго автомашиналардын ылдамдыгын азайтуучу белги орнотууга макулдук алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүнүн угуп, депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айылдык жалпы орто билим берүү мектебинин алдындагы авто жолго автомашиналардын ылдамдыгын азайтуучу эки жерге белги орнотууга макулдук берилсин
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовго тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |