Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 12
Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грант эсебинен Ак-Суу айыл аймагындагы Жениш айылына жабык типтеги кичи футбол аянтчасын курууга макулдук беруу жөнүндо
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында чек ара аймагында жайгашкан Ак-Суу айыл аймагындагы Жеңиш айылынын жаштарына шарт түзүү максатында бош убактысын спорт менен алектенүү үчүн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүнүн угуп, депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грант эсебинен 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында чек ара аймагында жайгашкан жаштардын суроо талабын колдоо максатында Жеңиш айылына жабык типтеги кичи футбол аянтчасын курууга макулдук берилсин.
2. Керектүү документтерди даярдоо КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго, жер боюнча адис А.Шамшиевке тапшырылсын .
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Саматов |