Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2019-жылдын 2-октябры № 136
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-2018-жылынын аткарылышы боюнча Эсептөө палатасынын жүргүзгөн аудитинин негизинде бюджетинен киреше бөлүгүнө киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-2018-жылынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Х.Кушбаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз 18- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Х.Кушбаковдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдардагы беренеден беренеге максатсыз которулуп калган акча каражаттары, 2019-жылдын декабрь айындагы Эсептөө палатасынын жургүзгөн аудитинин негизинде бюджеттин киреше бөлүгүнө № 1, тиркемеге ылайык кириштелсин.
3. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин www.gamsumo.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жонөтүлсүн.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |