Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2019-жылдын 12-декабры № 137
Ак-Суу айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө келишимин бектиүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20- беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тардиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссисынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын катоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын катоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ак-Суу айылдык өкмөт аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Худаяров Рүстөмбек Жанибековичке бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агентигинин gamsumo-kr@mail.ru сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Саматов |