Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2019-жылдын 12-декабры № 138
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019 жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020 жылга жергиликтуу бюджетин бекитуу жонундо
Ак-Суу айыл өкмөтү 2019-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2020-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Кушбаковдун жана Айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджети жана 2021-2023-жылдарга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө “мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.
Жогрудагылардын негизинде депутаттардын Ак-Суу айылдык кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 17222,5 мин сом эсебинде киреше жана 16106,6 мин сом чыгашалары № 1,2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 14742,3 мин сом өлчөмүндө № 3,4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы балдар бакчаларынын, ата-энелер взносунан түшкөн каражаттары айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары катары эсептелинсин. киреше жана чыгашалары 818.8 мин сом өлчөмүндө 5-6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2020-жылга Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашаларынын 68,2 мин сом жетишпестиктерин кошумча каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
5. 2020-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү тендештирүүчү гранттын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондко, тамак-ашка жана комуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгилинсин, алардын өлчөмдөрү № 7-тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нормативтери № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Райондук казына бөлүмү аркылуу Ак-Суу айылдык кенешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.
7. 2020-жылга Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө,соцфонд чегерүү, коммуналдык кызматтарга жана тамак аш сатып алууга) .
8. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубтар, китепканалар, коргонуу, соцкоргоо, билим берүү жана жеңилдиктер Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
9. 1-январь 2020-жылга бюджеттик каражаттардан калган 2701,5 мин сом акча каражаттарынын сметасы № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. 1-январь 2020-жылга атайын эсептен калган 126,2 мин сомдук акча каражаттарынын сметасы № 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Ак-Суу айылдык өкмөтүнүн 2019-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2020-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
12. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык кенештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынаары белгиленсин.
13. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 2020-жылдын 1-янваарына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин суммасында белгиленсин.
14. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган бюджети 2020-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
15. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: | А. Саматов |