Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 12-февралы №143
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетинин аткарылышы жана жылдык планын , тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджеттинин аткарылышы жана планы, тарифи жөнүндө ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. А.Халмуратов менен Ы.Жумабаевдин ортосунда түзүлгөн 518900 сомдук келишими жактырылсын анын ичинен жайыт акыдан түшүүчү 245600 сомдун 3/1 бөлүгү болгон 81800 сом айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын калган 437100 сом акча каражаты толугу менен жайыт комитеттинин эсебине которууга макулдук берилсин.
4. Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык планы жана тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевге, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Халмуратовко тапшырылсын.
Төрага: | А.Саматов |