Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 12-февралы №145
Айыл өкмөтүнүн жаштар борборунун координаторунун 2019-жылаткарган жумуштары,2020-жылга аткара турган иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жаштар борборунун координаторунун 2019-жыл аткарган жумуштары, 2020-жылга аткара турган иштери жөнүндө А.Казакбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жаштар борборунун координатору А.Казакбаевдин 2019-жылы аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүнаймагындагы жаштар борборун колдоо максатында 2020-жылга даталуу күндөрдү, мелдештерди уюштуруп өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн эсебинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу социалдык жактан коргоо адиси Н.Бавррайимовага, жаштар борборунун кординатору А.Казакбаевге, көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовко, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Саматов |