Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 12-декабры №147
Ак-Суу айыл аймагындагы элдерден түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Ак-Суу айылынын тургундары Хамракулов О, Убайдуллаев О, Вайдуллаев Б. жазган арыздарынын негизинде Ак-Суу айылындагы айыл өкмөтүнүн балансында турган пилораманы ижарага берүү жөнүндө башкы жер адис А.Бабаевдин билдирүүсүн угуп Ак-Суу айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын жашоочуларынын берген арыздары көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айылындагы айыл өкмөтүнүн баласасында турган пилораманы мыйзам чегинде газетага жарыя берилип, аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, мыйзамдуулугун кароо айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Бабаевке, көзөмөл кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовко тапшырылсын
Төрага: | А.Саматов |