Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2020-жылдын 12-февралы №148
Жеңиш айылындагы 207-контурундагы 1,0 га кайрак жерди бак кылууга макулдук берүү жөнүндө
Жениш айылынын тургуну Латипов Мехмоналинин берген арызынын негизинде жер боюнча башкы адис А.Бабаевдин берген билдирүүсүн угуп Ак-Суу айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеңиш айылынын тургуну М.Латиповдун берген арызы көңүлгө алынсын.
2. Жениш айылындагы 207- контурдан 1,0 га кайрак жер бак кылуу үчүн М.Латиповко түз ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, мыйзамдуулугун кароо айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Бабаевке, көзөмөл кылуу жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Саматов |