Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2020-жылдын 12-февралы №150
Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин спорт залынын ижара акысын бекитүү жөнүндө
Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Н.Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Н.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин спорт залына каалоочулар келип ойноо үчүн ижара акысы саатына 300 (үч жүз) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо мектеп директору Н.Халмуратовко, көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Саматов |