Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2020-жылдын 10-февралы № 159
Кадамжай шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №156 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
КРнын Финансы министрлиги тарабынан Түрткү берүүчү гранттар Жобосуна ылайык шаардык кеңештин №156-токтомунда көрсөтүлгөн өздүк салымдын пайызы өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кадамжай шаарынын Аңкур-Сай участкасына түнкү жарыткычтарды орнотууга 1197 748 (бир миллион бир жүз токсон жети миң жети жүз кырк сегиз) сом акча каражаты 1 237 735 (бир миллион эки жүз отуз жети миң жети жүз отуз беш) сом акча каражатына, ал эми сметалык долбоордун 30 % өздүк салымды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 263 504 (эки жүз алтымыш үч миң беш жүз төрт) сом акча каражаты 370 735 (үч жүз жетимиш миң жети жүз отуз беш) сом акча каражатына өзгөртүлсүн.
2. Кадамжай шаарынын аймагынан тартып Жийделик участкасынын жол четине түнкү жарыткычтарды орнотууга 4 498 541 (төрт миллион төрт жүз токсон сегиз миң беш жүз кырк бир) сом акча каражаты 4 648 724 (төрт миллион алты жүз кырк сегиз миң жети жүз жыйырма төрт) сом акча каражатына, ал эми сметалык долбоордун 40 % өздүк салымды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 498 541 (бир миллион төрт жүз токсон сегиз миң беш жүз кырк бир) сом акча каражаты 1 859 490 (бир миллион сегиз жүз эл тогуз миң төрт жүз токсон) сом акча каражатына өзгөртүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |