Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2020-жылдын 16-мартындагы № 162
Кадамжай шаарынын аймагындагы Таш-Арык, Чоң-Арык жана Кум-Арык ички каналдарды “Кадамжай сууканал” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп, калктуу конуштарда суу коргоо зоналарын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын 2020-жылдын 9-мартындагы 1-116 номериндеги кайрылуусун, шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча жана регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы Таш-Арык, Чоң-Арык жана Кум-Арык ички каналдары “Кадамжай сууканал” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 271-токтомунун 14-беренесинин, 2017-жылдын 25-сентябрындагы сууну коргоочу зоналар жана суу обьект тилкелери тууралу Жобонун негизинде ички каналдардын суу коргоо зонасы Таш-Арык, Чоң-Арык жана Кум-Арык ички каналдарынын эки жагынан 2 метрден, калктуу конуштардан өткөн арыктарга эки жагынан 1,5 метрден болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана тарнспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |