Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 164
Коронавирус эпидемиясына байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн жана профилактикалык иштерге жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевдин 2020-жылдын 16-мартындагы 1-132 номериндеги кайрылуусун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коронавирустун эпидемиясына байланыштуу шаарда азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн жана профилактикалык иштерди уюштуруу үчүн акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |