Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-майы № 1
Терек-Сай айылдык аймагында “ Улуу Жениш” майрамын жогорку денгээлде өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.С. Ашырбаевдин айыл аймакта “Улуу Жениш майрамынын 74 жылдыгын” жогорку денгээлде өткөрүү максатында иш-чараларды жана спорттук оюндарды уюштуруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында “Улуу Жениш майрамынын 74 жылдыгын” жогорку денгээлде өткөрүү максатында иш-чараларды жана спорттук оюндарды уюштуруу үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Ажакматов И. К. |