Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2003-жылдын 3-январы ПЖ№ 5
Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Уланып жаткан дүйнөлук финаисылык кризисти эске алып жана банк системасынын туруктуулугун, натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, коммерциялык банктардын туруктуулугуна көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторун кредиттөөгө багытталган коммерциялык банктарды колдоонун иштиктуү механизмин түзүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынакараштуу Кыргыз Республикасынын Банктарды рефинансылоонунадистештирилген фондун (мындан ары - Фонд) түзсүн.
2. Фонддун капиталын түзүүнүн булагы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген акча каражаттары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Фондду түзүү жана анын иши менен байланышкан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте:
- 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясына Адистештирилген фонд боюнча иш-чараларды, кредиттик союздарды колдоо жана өнүктү'рүү боюнча Финансылык компанияларды андан ары өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жана башка иш-чараларды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинйн кароосуна андан ары берүү менен:
кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча төлөнүп берилүүчү компенсациянын өлчөмүн жогорулатууну, 100 мин сомго чейин;
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кепилденген учур келгендигине жана анын натыйжаларына тиешелүү' ченемдерин 2009-жылдын биринчи жарым жылдыгынан кечиктирбестен ишке киргюүүнүн меөнөттөрүн жана шарттарын кайра кароону караган мыйзам актыларынын долбоорлорун бпр айлык мөөноттө даярдасын.
5. Кыргыз Республикасынып Өкмөтү депозиттерди коргоо Фондунун максаттуу багытын түзүү үчүн 2009-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичинде кошумча финансылык каражаттарды тапсын жана белуп берсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык жарыяланган күнден тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |