Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 5-февралындагы № 35 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2000-жылдын 21-январы № 37
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1993-жылдын 23-апрелиндеги № 173 "Кыргыз Республикасынын
граждандарынын айрым категорияларын аскердик анык
кызматка чакыруудан кийинкиге калтыруу жөнүндөгү"
токтомуна толуктоо киргизүү тууралу
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпы аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 23-апрелиндеги № 173 токтому
менен бекитилген күндүз окуган студенттери менен аспиранттары аскердик анык кыз-
матка чакыруудан кийинкиге калтырылган Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайла-
рынын Тизмесинин "Институттар" бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толуктал-
сын:
"Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институту;
Жалал-Абад мамлекеттик техникалык институту;
Эл аралык Славян институтунун Бишкектеги филиалы".
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев