(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-ноябрындагы № 471-б
буйругуна ылайыктту КҮЧҮН ЖОГОТТУ) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 2-июну № 343-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 62, 66, 68-статьяларына ыла-йык, Бишкек шаарынын Борбордук аянтынан чыгуучу эспланаданы аяктоо үчүнобъекттерди куруу максатында, ошондой эле Бөкөнбаев, Раззаков, Чуйковжана Орозбеков көчөлөрү менен чектелген кварталдагы инженердик коммуни-кацияларды куруу үчүн аталган аймактарды көрктөндүрүү жана жашылданды-руу боюнча иштерди жүргүзүү менен: 1. Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, № 120, 122 даректери боюнчажайгашкан жер участкалары белгиленген тартипте мамлекеттик муктаждыктарүчүн алынары белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаардык депутат-тар кењеши менен бирдикте көз карандысыз баалоочуну тартуу менен белги-ленген тартипте Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, № 120 жана 122 даректе-ри боюнча жайгашкан кыймылсыз мүлктүн наркына комиссиялык баалоожүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 19-статьясынын3-пунктуна ылайык менчик ээсине алып коюлгандын ордуна мамлекеттик мен-чиктештирүү фондунун каражаттарынын же мамлекеттик мүлктү менчиктеш-тирүүдөн түшкөн башка булактардын эсебинен аларга бирдей баада ордунтолтуруу жөнүндө маселени чечсин. 3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул буйруктун1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын анда жайгашкан курулмалардан бо-шотсун. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-ринчи вице-премьер-министри К.М.Жумалиевге жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев