КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-июну № 230 ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук айыл чарба каттоосунун биринчи жана экинчи этаптарынын жыйынтыктарын жарыялоону камсыз кылуу жөнүндө 2002 жана 2003-жылдарда аймактарга карата өткөрүлгөн КыргызРеспубликасынын биринчи улуттук айыл чарба каттоосунун биринчи жана экинчи этаптарынын жыйынтыктарын жарыялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2006-жылы айыл чарбаны каттоо бөлүмүн 7 кишиден турган сандасактоо сунушталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги КыргызРеспубликасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча айыл чарбаны каттоо бөлүмүн кармоого жана Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук айыл чарба каттоосунунматериалдарын жарыялоого 2006-жылга республикалык бюджеттен каржылоону карасын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев