Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-июну № 230            ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ   Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук айыл чарба каттоосунун    биринчи жана экинчи этаптарынын жыйынтыктарын жарыялоону                      камсыз кылуу жөнүндө                                       2002 жана 2003-жылдарда аймактарга карата өткөрүлгөн КыргызРеспубликасынын биринчи улуттук айыл чарба каттоосунун биринчи жана экинчи этаптарынын жыйынтыктарын жарыялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  статистика  комитетине 2006-жылы айыл чарбаны каттоо бөлүмүн  7  кишиден  турган сандасактоо сунушталсын.        2. Кыргыз   Республикасынын   Финансы   министрлиги  КыргызРеспубликасынын Улуттук статистика  комитети  менен  макулдашуу боюнча  айыл  чарбаны  каттоо  бөлүмүн  кармоого  жана  Кыргыз Республикасынын  биринчи  улуттук   айыл   чарба   каттоосунунматериалдарын  жарыялоого  2006-жылга  республикалык  бюджеттен каржылоону карасын.     3. Бул    токтомдун    аткарылышын    контролдоо    Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин  Аппаратынын  агроөнөржай комплексин  өнүктүрүү  жана  жаратылышты  пайдалануу  бөлүмүнө жүктөлсүн.       Премьер-министр                        К.Бакиев