Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 15-январы ПЖ № 27
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык, талдоо, протоколдук жактан камсыз кылууну өркүндөтүү жана чагылдыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жапа атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" деген бөлүмүндө:
I топ төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси";
II топтогу "Кыргыз Республикасынын Президентинин басмасөз-катчысы" деген сан төмөнкүдөй мазмундагы сап менен алмаштырылсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары";
III топ төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"III топ
КМШ жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү
тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү
Кызматтын жетекчиси
Бөлүмдүн башчысынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгынын башчысы
Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы"
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |