Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
(КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык)
2009-жылдын 15-январы ПЖ № 33
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду андан ары жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын борборазиялык борборун түзүү жана калыптандыруу боюнча ишти координациялоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Финансы рыногуна көзөмөлдүк кылуу жана жөнгө салуу кызматы өздөрүнүн компетенциясынын чегинде Меморандум боюнча Пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, лицензиялоону ишке ашырган жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун, же ал уюштурган исламдык финансылоо принциптери боюнча юридикалык жактардын ишинде ислам финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын (исламдык банк иши, исламдык камсыздандыруу - такафул, исламдык баалуу кагаздар рыногу - сукук) киргизүүгө көзөмөлдүк кылган орган катары аныкталсын.";
- 5-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү тартиптерди жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Жетектөөчү комитет менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте бекитсин:
- Меморандум боюнча Пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн исламдык финансылоо принциптерине ылайык үч айлык мөөнөттө камсыздандыруу ишин (такафул) жүзөгө ашыруу;
- Меморандум боюнча Пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн исламдык финансылоо принциптерине ылайык алты айлык мөөнөттө баалуу кагаздар менен (сукук) иш жүргүзүү.";
- Жарлык төмөнкү мазмундагы 7, 8, 9-пункттар менен толукталсын:
"7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институтунун халал-стандарттарды жана аларды продукция чыгарууда, кызмат көрсөтүүдө, анын ичинде тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө колдонууну жөнгө салган документтеринин колдонулушун алып салсын;
- беш айлык мөөнөттө тийиштүү ченемдик укуктук документтерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү жөнгө салгандарды иштеп чыксын жана Жетектөөчү комитет менен макулдашуу боюнча бекитсин:
- продукция чыгарууда жана кызмат көрсөтүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттердин халал-стандарттарды колдонуу тартибин;
- халал-стандарттарды колдонгон чарба жүргүзүүчү субъекттерди алардын билдирилген талаптарга ылайык келүү жагын текшерүүнү жүргүзүү тартибин.
8. Пилоттук долбоор колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын укуктук мамилелерин жөнгө салууга багытталган көмөкчү мыйзамдык актыларды колдонууга укуктуу экендиги аныкталсын.
Колдонуудагы көмөкчү мыйзам актылары менен исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын укуктук мамилелерин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын ортосунда айырмачылыктар болгон учурда бул укуктук мамилелерге карата Пилоттук долбоордун чегинде кабыл алынган актылар колдонулат.
9. Жетектөөчү комитет тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясы, анын ичинде халал-стандарттар маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.";
- 7-, 8-пункттар тийиштүү түрдө 10-, 11-пункттар деп эсептелсин жана алар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10. Кыргыз Республикасынан Меморандумду жүзөгө ашыруунун координатору болуп Меморандумга ылайык түзүлгөн Жетектөөчү комитет аныкталсын.
11. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун биринчи абзацындагы "экинчи" деген сөз "үчүнчү" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. (КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |