Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 20-январы ПЖ №43
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-апрелиндеги №130 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүнүн ишин андан ары өркүндөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы №385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын реестри" деген №2 тиркеменин I главасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
┌──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┐
│ │ "Кыргыз Республикасынын │ Кыргыз Республикасынын │
│ │ Президентинин Иш башкармасы │ Президентинин Архиви │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ Жогорку кызмат орду │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│Ж2│ │Архив жетекчиси │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│Ж3│Борбордун директору │Архив башчысынын орунбасары │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ Башкы кызмат орду │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│Б1│Бөлүм башчы │Референт │
│ │Борбордун директорунун орунбасары│ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│Б2│Бөлүмдүн башчысынын орунбасары │Башкы адис │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│Б3│Сектордун, топтун башчысы │Жетектөөчү адис │
├──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┤
│ Улук кызмат орду │
├──┬─────────────────────────────────┬────────────────────────────────┤
│У1│Референт │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│У2│Башкы адис │ │
│ │Жетектөөчү адис │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────────────────────────┤
│У3│1-категориядагы адис". │ │
└──┴─────────────────────────────────┴────────────────────────────────┘
2. (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |