Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 27-декабры ПЖ № 468
Айыл калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин ишин өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушун эске алып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин түзүмүнөн Айылдык суу менен жабдуу департаменти чыгарылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин карамагына берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы № 503 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктта:
экинчи абзац "бюджеттер аралык мамилени" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну" деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагынан мамлекеттин милдеттерин жүзөгө ашыруу кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга жарандардын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык кызматчыларга класстык чендерди ыйгарат;
- жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, ошондой эле калкты борбордоштурулган суу менен камсыз кылуу системаларын өнүктүрүү боюнча максаттуу улуттук жана мамлекеттик программаларды турмушка ашырат;
- Агенттик калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду турмушка ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн контролдугунда жана ага отчет берет;";
үчүнчү-он төртүнчү абзацтар тиешелүү түрдө онунчу-жыйырма биринчи абзацтар деп эсептелсин;
- 10-пунктта:
пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Агенттиктин түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Агенттиктин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлайт;";
үчүнчү-жетинчи абзацтар тиешелүү түрдө бешинчи-тогузунчу абзацтар деп эсептелсин.
3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын № 1 тиркемесинин 10-пунктунда "7138" деген цифралар "7090" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлыктын № 2 тиркемесинин 8-пунктунда "40" деген цифралар "91" деген цифралар менен алмаштырылсын.
4. "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-июнундагы № 319 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |