Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 28-январы ПЖ № 85
А.Ж.Аскалиев, Ж.А.Койгелдиев, О.А.Мамбеталиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна, 84-беренесинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин жергиликтүү соттордун судьяларын ээлеген кызматтарынан четтетүү жана жергиликтүү соттун судьясын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимин эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
- Аскалиев Айтбай Жумамүдүнович - Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Койгелдиев Жумалы Абыласович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Мамбеталиев Омурбек Акылбекович - Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |