Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 93
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө
Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинде оперативдүүлүктү жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасын жана "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төмөнкүдөй курамы аныкталсын:
Бакиев Курманбек Салиевич - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы.
Тагаев Айтибай Султанович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Чудинов Игорь Витальевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
Үсөнов Данияр Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
Сарбаев Кадырбек Тельманови - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Калыев Бактыбек Төрөгулович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Суталинов Мурат Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Конгантиев Молдомуса Ташболотович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри.
Султанов Марат Адразакович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Турсункулов Нурлан Жанышевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Рыскулова Айгүл Маратбековна - Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик Комитетинин төрайымы;
Мамытов Токтокүчүк Болотбекович - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы;
Жоробекова Шарипа Жоробековна- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |