Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты №2/8
Чаувай айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги экинчи сессиясы күн тартибиндеги 8-маселе «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомунун башкы директору О.К.Ботобаевдин кайрылуусу боюнча маселени депутаттар толугу менен талкуулап, «Жер мыйзамы», «Кен байлыктар» жөнүндөгү мыйзамынын чегинде,ошону менен бирге кенге иштөөгө жергиликтүү элдин тургундарын тартуу,социалдык маселелерди, жол,суу,оорукана , билим берүү тармактарына бала-бакча маселелерин чечүүгө жардам берүү жагы каралып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айылдык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомуна Чаувай айылында Кен казып, Кенди иштетүүгө уруксат берилсин.
2. «Чаувай –Кен»жоопкерчилиги чектелген Коомуна Чаувай айылындагы кен казып алуу үчүн суралган жер өнөр жай категориясына өткөрүлсүн.
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|