Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-майы №16
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы №247-р тескемеси менен жактылган операциялык №45-160 номерлүү макулдашуусу жана жобосуна, Баткен шаарынын мэриясы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2016-жылдын 8-июндагы №106 түзүлгөн долбоорго (Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо) колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашууну, ошондой эле «Таза Суу» МИ менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн Долбоордук макулдашууну ишке ашыруу максатында Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Тѳрага | А. Ташбеков |
|
|
| Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын 2018-жылдын 11-майындагы № 16 токтомуна №1 тиркеме |
Суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүгө акы төлөө үчүн Баткен шаарынын бюджетинен жарандарга субсидияларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүгө акы төлөө үчүн Баткен шаарынын бюджетинен субсидияларды (мындан ары – субсидиялар) суу менен камсыз кылуу жана (же) саркынды сууларды чыгаруу тутумдары менен жабдылган үйлөрдө, Баткен шаарынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле бул Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган болсо, чет өлкөлүк жарандарга берүүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Субсидиялар, эгер үй-бүлөнүн суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн кызматтарды көрсөтүүгө акы төлөөгө кеткен, суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн кызматтарды көрсөтүүгө коюлган тарифтерге жана аларды колдонуунун ченемдерине ылайык эсептелген чыгымдары үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесинде Баткен шаардык кеңешинин чечими менен белгиленген суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн кызматтарды көрсөтүүгө акы төлөөгө кеткен чыгымдарынын эң жогорку жол берилген үлүшүнөн тиешелүү түрдөгү өлчөмдөн ашып кеткен учурда жарандарга жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет.
1.3. Туракжайларды, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык же жеке турак-жай фондундагы турак жайларды пайдалануучулар, жана турак жайлардын (батирлердин, турак үйлөрдүн, батирдин же турак үйдүн бөлүгүнүн) менчик ээлери субсидияларды алуу укугуна ээ.
1.4. Субсидиялар жарандарга суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой башка турак-жай-коммуналдык кызматтарын көрсөтүүгө акы төлөө боюнча карызы жок болсо жана аны тындыруу боюнча жарандар тарабынан макулдашуулар түзүлгөн жана (же) ал аткарылган учурда берилет.
1.5. Субсидияларды берүү жөнүндө чечим Баткен шаарынын Мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасы (мындан ары - ыйгарым укуктуу бөлүм) тарабынан кабыл алынат.
2. Субсидияны берүү жөнүндө арыз менен берилүүчү документтер
2.1. Ушул Жобонун 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн жарандар субсидия алуу үчүн ыйгарым укуктуу бөлүмгө төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен субсидия берүү тууралуу арызын берет:
а) арыз ээсинин туруктуу жашаган жери боюнча өзү катталган турак жайга ээлик кылууга жана пайдаланууга укуктук негиздерин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
б) турак жайга жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүүгө акы төлөө боюнча карызынын болушу (жоктугу) тууралуу маалыматтарды камтыган документтерди;
в) арыз ээсинин – чет өлкөлүк жарандын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жарандыгынын Кыргыз Республикасы менен эл аралык келишим түзгөн мамлекетке таандыктыгын күбөлөндүрүүчү, ага ылайык субсидияларды берүү караштырылган документтердин көчүрмөлөрү (эгер көчүрмөсү нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлбөсө, түп нускасы көрсөтүлөт);
г) арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелерин ырастоочу, субсидияны берүү жөнүндө маселени чечүүдө эске алынуучу документтер.
2.2. Ыйгарым укуктуу бөлүм арыз ээси тарабынан берилген документтердин түп нускасы экендигин, аларда камтылган маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына, Кыргыз Республикасынын райондорунун администрацияларынын жергиликтүү мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка органдарга жана мекемелерге расмий сурам жиберүү жолу менен текшерүүгө укуктуу.
2.3. Арыз ээси берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчиликте болот. Арыз ээси тарабынан толук эмес жана (же) көз көрүнө анык эмес маалыматтардын берилиши субсидиянын берилишинен баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
2.4. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди берген органдар менен мекемелер ушул документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болот.
2.5. Ыйгарым укуктуу бөлүм ар бир арыз ээсине карата иш түзөт, ага субсидияны берүүгө жана анын өлчөмүн аныктоого байланыштуу документтер киргизилет (мындан ары – жеке иш).
3. Арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн курамын аныктоо тартиби
3.1. Арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн курамына арыз ээси жана турак жайды жалдап алуучунун жана (же) анын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандар кириши мүмкүн.
3.2. Ыйгарым укуктуу бөлүм субсидиянын берилишине укугунун болушу жана анын өлчөмүн эсептөө тууралуу маселени чечүүдө арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн курамын ушул методикага ылайык аныктайт.
4. Субсидиянын өлчөмүн аныктоо тартиби
4.1. Субсидиянын өлчөмү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынкөрсөтүүнүн наркынын стандартынын негизинде эсептелген суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнүн акысын төлөөгө кеткен чыгымдардын өлчөмүнөн жана үй-бүлөнүн жалпы кирешесиндеги суу менен камсыз кылуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун акысын төлөөгө кеткен жарандардын чыгымдарынын эң жогорку жол берилген үлүшүнүн көлөмүнөн көз каранды.
4.2. Суу менен камсыз кылуу кызматын көрсөтүүнүн наркынын стандартынын өлчөмү төмөнкү формула менен аныкталат:
ССмс=НмсxTмс
мында:
Нмс – Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык (Баткен шаардык Кеңеши тарабынан) белгиленген бир адамга карата айына сууну керектөөнүн нормативи – 1,8 м3;
Tмс – Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык (Шаардык Кеңеш тарабынан) белгиленген суунун тарифи – (орточо 15,1);
Саркынды сууну чыгаруу кызматын көрсөтүүнүн наркынын стандартынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ССсч=НсчxТсч
Мында:
Нсч – Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык белгиленген бир адамга карата айына саркынды сууну чыгаруунун нормативи;
Tсч – Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык белгиленген саркынды сууну чыгаруунун тарифи.
4.3. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесиндеги суу менен камсыз кылуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун акысын төлөөгө кеткен жарандардын чыгымдарынын эң жогорку жол берилген үлүшүнүн көлөмү Баткен шаардык кеңешинин чечими менен белгиленет.
4.4. Субсидиянын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
С1=ССсс×n˗×К
С1=ССсс×n ˗(ЭЖҮ/100)×К
МындаC1 - субсидиянын өлчөмү (сом менен),ССсс – ар кандай сандагы үй-бүлөлөр үчүн үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө карата суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнүн наркынын белгиленген стандартынын өлчөмү (сом менен), ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ССсс=ССмс+ССсч
n – арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн курамына кирген адамдардын саны;
ЭЖҮ–үй-бүлөнүн жалпы кирешесиндеги суу менен камсыз кылуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун акысын төлөөгө кеткен жарандардын чыгымдарынын эң жогорку жол берилген үлүшүнүн көлөмү (пайыз менен);
К–үй-бүлөнүн жалпы кирешеси (сом менен).
4.5. Суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнүн наркынын стандарты жана (же) үй-бүлөнүн жалпы кирешесиндеги суу менен камсыз кылуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун акысын төлөөгө кеткен жарандардын чыгымдарынын эң жогорку жол берилген үлүшүнүн көлөмү, ошондой эле субсидияларды берүүнүн шарттары жана тартиби өзгөргөндө субсидияларды алуучулардан кандайдыр документтер талап кылынбастан тиешелүү өзгөртүүлөр күчүнө кирген датасынан тартып ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан субсидиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөө жүргүзүлөт.
4.6. Субсидиялардын өлчөмүн кайра эсептөөнүн жыйынтыктары жеке иште чагылдырылат. Субсидиянын өлчөмүнүн өзгөргөндүгү тууралуу маалыматтар төлөм документтеринде көрсөтүлөт же кайра эсептөө датасынан тартып 10 жумуш күнүнүн ичинде башка түрдө алуучуга кабарланат.
5. Субсидияны алуучунун үй-бүлөсүнүн жалпы кирешесин эсептөөтартиби
5.1. Субсидия берүү үчүн үй-бүлөнүн же жалгыз жашаган жарандын жалпы кирешеси субсидияны берүү жөнүндө арыз берилген айдан мурунку 6 акыркы календардык айга карата аныкталат (мындан ары – эсептөө мезгили).
5.2. Субсидияны алуучунун үй-бүлөсүнүн жалпы кирешесин эсептөөдөөзүнчө же чогуу жашагандыгына карабастан субсидия алуучуга карата анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү болуп саналышкан жарандардын кирешелери эсепке алынат:
а) күйөөсүнүн (аялынын);
б) жашы жете элек балдардын ата-энелеринин же багып алган адамдардын;
в) жашы жете элек, анын ичинде багып алынган балдардын.
5.3. Үй-бүлөнүн же жалгыз жашаган жарандын жалпы кирешеси субсидия берүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар жөнүндө мыйзамына ылайык белгиленген эрежелер боюнча эсептелет.
5.4. Эгер жарандардын эмгек жана жеке ишкердик ишмердигинен түшкөн кирешелеринен башка кандайдыр кирешелеринин түрүн документ менен ырастоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, аларды арызда өздөрү декларациялай алышат. Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан текшерилиши мүмкүн.
5.5. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн же жалгыз жашаган жарандын айлык орточо кирешеси эсептөө мезгилинин ичинде алынган анын кирешелеринин суммасын эсептөө мезгилиндеги киреше алынганайлардын санына бөлүү жолу менен аныкталат.
5.6. Эсептөө мезгилиндеги үй-бүлөнүн айлык орточо жалпы кирешеси үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгынын айлык орточо кирешелеринин суммасына барабар.
6. Субсидияларды берүүнүн тартиби
6.1. Субсидия алууга укугу бар жарандарга жана (же) алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө алар жашаган турак жайы үчүн бир субсидия берилет.
6.2. Субсидия 6 айлык мөөнөткө берилет.
6.3. Ыйгарым укуктуу бөлүм субсидияны берүү же аны берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат, субсидиянын өлчөмүн эсептейт жана талап кылынган документтердин бардыгы алынган датадан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине тиешелүү чечимди жөнөтөт (тапшырат).
6.4. Субсидияны берүү жөнүндө чечимди кабыл алуудагы ыйгарым укуктуу органдын аракети (аракетсиздиги), ошондой эле субсидияны берүүдөн баш тартуу тууралуу анын чечими же болбосо анын өлчөмүнүн туура эмес аныкталышы сотко даттанылышы мүмкүн.
6.5. Субсидиянын өлчөмүн эсептөөдө ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан кетирилген катадан улам жогорулатылган же төмөндөтүлгөн өлчөмдө субсидия берилген учурда ашыкча төлөнгөн каражат Баткен шаарынын бюджетине кайтарылууга тийиш, ал эми толук төлөнбөгөн каражат ката табылган айдан кийинки айда субсидия алуучуга төлөнүп берилет.
7. Субсидияларды берүүнү токтото туруунун жана токтотуунун шарттары
7.1. Субсидияларды берүү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча төмөнкүдөй шарттарда токтотулуп турушу мүмкүн:
а) турак-жай-коммуналдык кызматтарын көрсөтүү үчүн 2 ай аралыгында субсидия алуучу тарабынан күнүмдүк төлөмдөр төлөнбөгөндө;
б) субсидия алуучу тарабынан карыздарын тындыруу боюнча макулдашуунун шарттары аткарылбаганда.
7.2. Ыйгарым укуктуу бөлүм карыздын келип чыгышынын (тындырылбагандыгынын) себептерин аныктоо үчүн субсидияларды берүүнү бир айдан ашпаган мөөнөткө токтотуп турат.
7.3. Карыз болуунун жүйөөлүү себептери бар болсо (стационарда дарылануу, жакын туугандарынын өлүмү, эмгек акысы убагында төлөнбөгөндө ж.б.) субсидияны берүүнү токтотуп туруунун шарттарына карабастан ыйгарым укуктуу бөлүмдүн чечими менен субсидияны берүү жандандырылат.
7.4. Карыз болуунун жүйөөлүү себептери жок болсо субсидия алуучу карызын толук тындыргандан кийин гана ыйгарым укуктуу бөлүмдүн чечими менен субсидияны берүү жандандырылат.
7.5. Субсидияны берүүнү жандандыруу тууралуу чечим кабыл алынганда ал субсидия берүү токтотулуп турган айга да төлөнүп берилет.
7.6. Субсидияларды берүү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча төмөнкүдөй шарттарда токтотулушу мүмкүн:
а) субсидияны алуучунун туруктуу жашаган жери өзгөргөндө;
б) субсидия алуучунун жана (же) анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашаган жери, үй-бүлөсүнүн курамы, жарандыгы өзгөргөндө, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси көбөйгөндө, эгерде бул өзгөрүүлөр субсидия алуу укугун жоготууга алып келсе;
в) арыз берүүчү (субсидия алуучу) жана (же) анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан субсидияны берүү же анын өлчөмүн аныктоо (өзгөртүү) үчүн олуттуу мааниге ээ болгон көз көрүнө анык эмес маалымат берилгенде;
г) субсидияны берүүнү токтото туруу жөнүндө субсидия алуучуга кабарланган датадан тартып бир айдын ичинде карыз тындырылбаганда же карызды тындыруу мөөнөтү макулдашылбаганда (аны түзүүнүн жүйөөлүү себептери жок болгондо);
7.7. Көрсөтүлгөн шарттар бар болгондо Баткен шаарынын бюджетине каражаттарды кайтарып берүү субсидия алуу тарабынан ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт, ал эми баш тартылган учурда – Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу бөлүмдүн доо арызы боюнчакайтарылат.
8. Субсидияларды берилиши менен байланышкан чыгымдардын каржыланышы
8.1. Субсидияларды берүү менен байланышкан чыгымдар өзүнө түздөн-түз субсидиялардын берилишине кеткен чыгымдарды жана алардын берилишин камсыз кылууга кеткен чыгымдарды камтыйт жана Баткен шаарынын бюджетинен каржыланат.
8.2. Субсидияларды алуучуларга субсидияларды которуу (төлөө, берүү) тартиби Баткен шаарынын Мэриясы тарабынан белгиленет.
Жооптуу катчы: | Ж. Алдашова |