Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-майы №18
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» №145 Мыйзамына жана шаар мэриясынын 2018-жылдын 2-майдагы №03-4/453 каты менен шаар аймагында «Ала-Тоо тарыхый мурас» ЖЧКсы археологиялык изилдөө жүргүзүү менен отчетунда шаардык Кеңештин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын №01-8/3 токтому менен «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан», «Өнөр жай багытына» которууга жалпысынан 181,0 га жер аянты киргизилип, анын ичинен Тарыхый-Маданий мурастардын тизмесине 4.5 га жер аянтын ээлеген 9 обьект тургандыгын белгилеген катынын негизинде жана шаардын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай» категориясына жалпы жер аянты 176.5 га жер аянтын өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралдагы «Баткен шаар аймагындагы жайыт багытындагы кээ бир жер аянттарынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 01-8/3 токтомунун 2-пункутуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Күнгөй1 участкасынан 51.0 га, Күнгөй-2 участкасынан 125.5 га жалпы 176.5 га жер аянты «Айыл чарба» багытндагы жерлер категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына» которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Тѳрага | А. Ташбеков |
|
|