Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты №2/2
Чаувай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө поселоктогу мекеме-ишканалар менен биргеликте поселоктун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана коомдук саясий абалды турукташтыруу багытында 2012- жылы бир топ уюштуруучулук жана аткаруучулук иштер жүргүзүлдү.
Айыл чарба тармагында
Жыл ичинде поселкалык өкмөт боюнча 2012-жылдын түшүмү үчүн жашылча 2
гектар жерге эгилип 30 тонна, картошка 2гектар жерге эгилип 30 тонна картошка өндүрүлгөн, 1 гектар жерге помидор эгилип,15 тонна помидор ,13 гектар жерден мөмө-жемиш(алма,алмурут) 39,3 тонна алынган.Данектуу мөмө-жемиштер 9гектар жерге эгилип,25 тонна алынган.Жыйынтыгында 100 пайызга аткарылган.
Мал чарбасында
Эт өндүрүү боюнча жыл ичинде 102 тонна эт(105 %),жумуртка 144 мин даана (139%) Сүт өндүрүү 248 тонна (104%), жун 29 тоннага (102 %) аткарылган.
Бюджет жана салык.
Бюджеттин кирешелер бөлүгү
Айыл аймагынын салык төлөмдөрүнөн 2012 -жыл үчүн физикалык жактардан салыктын түрлөрү боюнча : жер салыгы план боюнча 71365 сом болсо, аткарылганы 71877 сомго(100,7%) ,транспорт салыгы план боюнча 72219 сом болсо ,
Аткарылганы 87253 сомго (120 %) , акыр-чикир салыгы боюнча план 7000 сом болсо, аткарылганы 7000 сомго(100%) , айыл чарбага жараксыз жерлердин салыгы план боюнча 1300 сом болсо , 1393 сомго (107% ) , потент төлөө боюнча план 3500 сом болсо, аткарылганы 3527 сомго (100,7 % аткарылган. Жалпы салык 110 % ке аткарылган.
Бюджеттин чыгашалар бөлүгү
Чаувай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2012-жылына 4585,8 мин сомго такталган. Кассалык чыгымдар 4325,5 мин сом чыгымдалган. Чыныгы чыгымдар 4209,0 мин сом эсептелинип, 94,3 % аткарылды.
Билим берүү тармагында
2012- жылда поселокто 1 жалпы билим берүү мектебинде 424 окуучу билим алып жатат. Кезектеги ремонт иштери үчүн Республикалык бюджеттен 41300 сомдук каражат жумшалган.
Мектеп окуучуларынын саны 424 окуучуну түзсө, а.и. кенже класстардын окуучулары 144 болуп, алардын тамактануусуна 157,3 мин сомдук каражат бөлүнгөн.
Саламаттыкты сактоо тармагында
Саламаттыкты сактоо тармагында Чаувай участкалык ооруканасында 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун филиалы аркылуу элге медициналык жардам көрсөтүлөт. Элди биринчи медициналык жардамды акысыз дары-дармектер менен камсыз кылууга жетишти.
Жыл ичинде жаёы төрөлгөн балдардын саны 53 баланы түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу12 балага аз төрөлгөн. Ал эми жыл ичинде 1 жашка чейинки баланын өлүмү катталган жок , бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жакшы.
Ооруулардын анализи боюнча гипертония оорусу менен ооругандар 12 түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 ге көбөйгөн.
Миграция жана жумуштуулук:
2013-жылдын 1-январына карата поселоктун аймагында жашаган 1784 калктын ичинен 803 киши жумушка жарактуу болуп саналса,517 киши жумушсуз. Алардын ичинен 71 официалдуу жумушсуздар боюнча каттоодо тургандар.Жыл ичинде бардыгы болуп16 жумушсуз иш менен камсыз кылынган.
2012 -жылдын 12 айында жалпы 181 (34 ички миграция,ал эми 147 тышкы миграция) киши поселоктон сыртка жумуш издеп кеткен. Сыртка чыккандардын ичинен Россияга 141, Казакстанга 23, башка өлкөлөргө 1 тургун кеткен.
Чаувай айыл аймагынын 2012-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жүргүзүлгөн иштер жөнүндө билдирүүнү угуп жана талкуулап Чаувай айылдык Кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылда Чаувай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын камсыз кылууда поселкалык башкаруусунун жүргүзгөн уюштуруучулук жана аткаруучулук иштери белгиленсин.
2. Айылда өзгөчө коркунучтуу ооруулардын (кутурма,сибир жарасы ж.б.) алдын алуу жана болтурбоо багытында профилактикалык иштерди жүргүзүп, тиешелуу чараларды көрүү жагы вет.адиске жүктөлсүн.
2.Айыл аймагынын социалдык тармагына пособие,пенсия алуучуларга тиешелуу документтер менен өз убагында камсыз кылуу жана жумушсуздарды иш менен камсыз кылуу,чет өлкөдө иштеп жаткан атуулдардын эсебин тактоо,аларды чет өлкөлөрдө жумушка жайгаштыруу багытында иштерди активдештируу жүктөлсүн.
3.Чаувай айыл аймагынын финансы тармагына бюджеттин кирешелер бөлүгүн толтурууда салык топтоо,кредитордук карыздарды кыскартуу боюнча иштиктүү иш алып баруу тапшырылсын.
4. Чаувай айыл аймагынын 2013-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|