Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты №2/4
Чаувай айылдык аймагынын 2013- жылга жергиликтүү бюджети жана 2014- 2015- жылдар үчүн бюджеттин болжолдуу долбоору 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» , Кадамжай районунун Чаувай айыл аймагындагы финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айылдык аймагынын 2012-жылда аткарылышы жана багыттуу иштетилиши жонундогу башкы эсепчи А. Бакировдун отчету көңүлгө алынсын.
2. Чаувай айылдык аймагынын бюджетинин 2014-2015- жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2014- жылга кирешелер жана чыгашалар 7801,3 мин сом өлчөмүндө, 2014- жылга жылга кирешелер жана чыгашалар 7801,3 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
3. Чаувай айылдык аймагынын бюджетинин кирешелер бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 6334,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Чаувай айылдык аймагынын бюджетинин чыгашалар бөлүгү керектөөлөрү 7744,9 мин сом өлчөмүндө экендигин эске алуу менен №2 тиркемеге ылайык 6334,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Кирешелер менен чыгашалар бөлүгүнүн айырмасын 1410,2 мин сом өлчөмүндөгү сумманы Республикалык бюджеттен категориалык грант түрүндө кошумча бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинен суралсын.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча ( эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна чегеруулөр, тамак-аш, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пулдар) жүргүзүлүп белгиленсин
7. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө өзгөрүлүшү мумкун.
8. Чаувай айылдык аймагынын 2013-жылга айылдык бюджети 2013-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|