Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы №6/2
Чаувай айыл аймагынын 2012-2014-жылдарга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программанын 2013-жылдын ичинде аткарылышы төмөнкүдөй.
Айыл чарбасы боюнча:
Поселок боюнча бардык жерлер- 42 гектар.
Анын ичинен айдоо жер - 4 гектар
Сугат жер - 42
Бак дарактар- 38 гектар.
2013-жылдын ичинде төмөнкүдөй тушум алынды:
Картошка 2 гектар жерге эгилип,300 центнер,жашылча 2 гектар жерге эгилип,300 центнер, мөмө-жемиш 300 центнерге тушум алынган.
Мал чарбасы боюнча:
Эт- план боюнча 95 тонна болсо, аткарылганы 98 тонна 126 %,
Сут – план боюнча 235тонна болсо, аткарылганы 235 тонна 120%,
Жумуртка-план боюнча 103,0миң даана болсо, аткарылганы 103 ,0миң даана 118%,
Жун – план боюнча 2650 кг болсо,аткарылганы – 28440кг. 107% ке аткарылды.
2013-жылдын март,апрел,май айларында айылды көрктөндүрүү жашылдандыруу жана санитардык тазалоонун үч айлыгы жарыяланып, үч айдын ичинде айылды көрктөндүрүү боюнча 4350 түп терек жана 3135 түп ар түрдүү мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду. Ошону менен бирге эле 515 түп ар түрдүү көп жылдык жана бир жылдык гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду. Санитардык тазалоо боюнча үч айдын ичинде 12 жолу ишембиликтер өткөрүлүп, айылдын ичи тазаланды.
8-Март Аялдардын майрамында айылдагы баатыр энелерди, иштеп жүрүп пенсияга чыккан аялдарды, лидер,ишкер аялдарды чакырып, концерттик программа жана ыссык тамак тартууланды.
Айылдык аймагынын азыркы 2 кабаттуу иштебей турган имаратынын чатырын кайрадан жаап, ичин ремонттоо иштери жүргүзүү, ошону менен бирге эле айланасын цемент бетон менен тосуп, алдындагы жерлерин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага баары болуп 300 мин сомдук жумуш аткарылды
Мурдакы иштебей турган балдар бакчасынын имаратынын чатыры жабылып, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, балдар бакчасын ачуу ,кайрадан ишке кийирүү үчүн ЮНИСЕФ эл аралык уюмуна проект жазылып ,өткөрүлүп, бүгүнкү күндө балдар бакчасына керектуу инвентарлар менен каржыланды. Калган бүтпөй турган кемчилдиктерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүтүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Балдар бакчасы 3 топтон туруп, 2013-жылдын сентябрь айынан ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө 120 бала балдар бакчасында тарбияланууда. Жана 15 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жарандары жумуш менен камсыз болушту.
Жалпыга малым Чаувай айыл аймагы кооптуу жерде жайгашып, сел коркунучу көп болот. Ошол сел кеткен сайлардын жээктерин бекемдөө иштери боюнча МЧС тин СПЛМ проектисине 500 мин сомдук сайдын жээктерин тазалоо,бекемдөө иштерине проект өткөрүлүп, натыйжада иштер бүткөрүлдү.
Ошол эле сел кетүүчү сайдын жээктерин толтуруу, дамба куруу иштери боюнча ПРООНдун Германия проеги менен 590 мин сомдук проект өткөрүлүп , 250 метр +МЧСтен 50метр =300метр сай жээгин бетон тосмосу менен тосуу иштерин баштоо алдындабыз.
2013-жыл Иштерман жылына карата элди жумуш менен камсыз кылуу эн башкы маселе болгондуктан Чаувай айылынан чыккан беделдүү атуулдар биргелешип , «Чаувай- Кен» жоопкерчилиги чектелген ишканасын ачышып, анда бүгүнкү күндө башталышында 15 адам жумуш менен камсыз болду. Бүгүнкү күндө Комиссиядан дагы өтүп, кудай буйруса үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан маасалык түрдө 85 киши иш менен камсыз болуп, иштер башталат. Ошону менен бирге эле ПРООН дун Германия проегине элдин салымына 300метр аралыктагы сайдын ичин тазалоо ишин , ошондой эле Чаувай айылындагы негизги жолдун башынан аягына чейин ремонттоо ишин да ушул ишкана бүткөрүп берүүнү өз мойнуна алды.
2013-жылдын январь айында 105 жакыр аз камсыз болгон үй-бүлөгө 75 кгдан ун, 6 литрден өсүмдүк майы ООНдун АКТЕДэл аралык уюмунан берилди.
ООН дун Бүткүл Дүйнөлүк азык түлүк программасы менен 120 габион , 1500 даана мешокко кум толтурууда 41 адам иштеген акысына ар бир адамга 6 мешоктон ун жана 29 литрден өсүмдүк майы эмгек акысына берилип, натыйжада айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жумуш менен камсыз болушту.
«Алтун Кум» тигүү цехинде 5 адам жумуш менен камсыз болуп, иш бүгүнкү күндө жакшы жүрүүдө.
Чаувай айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап чыгып,жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл аймагынын 2012--2014- жылдарга кабыл алынган өнүгүү Программасынын 2013-жылдагы аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштер эске алынсын.
2. Айыл аймагынын 2012-2014- жылдарга өнүгүү Программасындагы иш-чараларды аткарууда инвесторлор,донорлор,кредит берүүчү мекеме,уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|