Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы №6/4
Чаувай айылдык Кеңешинин кезектеги чакырылган 6-сессиясынын кун тартибиндеги үчүнчү маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189-статьясындагы калк жашаган пункттардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйымы киргизилсин. Жыйымдын өлчөмү 50 сомдон болуп белгиленсин.
2. Чаувай айыл аймагынын аймагында киргизилген жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын өз убагында өндүрүлүп,бюджеттин киреше бөлүгүнүн чегерилишин жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын салык боюнча адиси С.Шамшиевге жүктөлсүн.
3. Чаувай айыл аймагынан берилүүчү ар түрдүү тактамалар 5(беш) сомдон берилсин. Андан түшкөн акча айыл аймагынын эсептик счетуна төгүлүп,кайра алынып, айылдык кенешке керектелүүчү конц.товарларды алууга иштетилсин .
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|