Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-февралы №6/7
Чаувай айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги алтынчы сессиясы күн тартибиндеги 7-маселе «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомунун башкы директору О.К.Ботобаевдин 2014-жылдын 14-февралындагы № 4 сандуу сураныч каты боюнча маселени депутаттар толугу менен талкуулап, «Жер мыйзамы» «Ижарага беруу» жөнундөгү мыйзамдарынын чегинде каралып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айылдык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомуна катта көрсөтулгөн мурдагы 27-штольнянын ордунан жардыруучу заттар кампасы үчүн 0,20 га мурдагы автогараждын ордунан АБК үчүн 0,30 га , мунай зат кампасы үчүн 0,05 га жана автогараж үчүн 0,25 га жер аянттары конкурстук негизде ижаралык шартта пайдаланууга берилсин.
2. Айыл аймагынын алдындагы жер боюнча комиссиясы конкурс өткөрүп, ижара акысын тактап,тийиштүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдасын.
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|