Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 08-апрели №7/1
Чаувай айылдык аймагынын 2014-жылга каралган атайын каражаттардан түшүүчү кирешелер бөлүгүнүн жана чыгашалар бөлүгүнүн планын 2014-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү Чаувай айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айылдык аймагынын 2014-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын планын 204,0 мин сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык көбөйтүлсүн.
2. Түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|