Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 08-апрели №7/2
Чаувай айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз жетинчи сессиясы күн тартибиндеги 3-маселе «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомунун башкы директору О.К.Ботобаевдин 2014-жылдын 14-февралындагы № 4 сандуу сураныч каты жана айыл аймагынын алдындагы жер комиссиясынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги ижарага жер берүү боюнча конкурстун №3 протоколун депутаттар толугу менен талкуулап ,төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айылдык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомуна катта көрсөтүлгөн мурдагы 27-штольнянын ордунан жардыруучу заттар кампасы үчүн 0,20 га мурдагы автогараждын ордунан АБК үчүн 0,30 га , мунай зат кампасы үчүн 0,05 га жана автогараж үчүн 0,25 га жер аянттары Чаувай айыл аймагынын алдындагы жер комиссиясынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги конкурстун №3 протоколунун негизинде 7 (жети) жылдык мөөнөткө ижаралык шартта пайдаланууга берилсин.
2. Ижара акысы жылына 12,000(он эки мин) сомдон бекитилсин.
3. Ижара акысы жылына инфляциянын өзгөрүшү менен кайра каралып турсун.
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|