Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-майы №8/1
Чаувай айылдык аймагынын 2015-2016-2017-жылдар үчүн бюджеттин болжолдуу долбоору 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде түзүлүп, Чаувай айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айылдык аймагынын 2015-2016-2017-жылдар үчүн кирешелердин долбоору жактырылсын.
2. Чаувай айылдык аймагынын 2015-2016-2017-жылдардын чыгашаларынын долбоору жактырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | У. Хаджимуратов |
|
|