Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниеси
2016-жылдын 21-апрели № 29/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү,КБФнын жерлерин ижарага бер боюнча тарифти бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин ижарага берүу боюнча тарифти бекитүу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап КРнын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген «АКФнын жерлерин ижарага берүу тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүу жобого ылайык Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниесинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Топчубаевдин жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, айыл чарба жерлерин тактоо,КБФнын ижарага берилген жерлерин максаттуу пайдалануу боюнча бир катар жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондусунун тактоого зарыл болгон жерлерин эки ай мөөнөт ичинде тактатып чыгуу ишин бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
3. КРнын Жогорку Кеңешинин. 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген «АКФнын жерлерин ижарага берүу тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүу жобого ылайык 2016-жылга КБФнын чөп чабынды жерлери 5(беш),сугат жерлери 3(үч) жылдан кем эмес мөөнөт менен ижарага берилсин.
Баштапкы баасы 1 га кайрак жер үчүн - 400 сом.
Сугат жер үчүн - 1200 сом.
Чөп чабынды алыскы жер үчүн - 600 сом.
Жакынкы жер үчүн - 800 сом.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, конкурсту өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана салык кызматкерине жүктөлсүн, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманахунов |