Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниеси
2016-жылдын 21-апрели № 29/3
Пакиза-Суу ИСКАКБнын 2016-жылдын 8-апрелиндеги жыйынынын № 1 протоколу боюнча ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Пакиза-Суу ИСКАКБнын 2016-жылдын 8-апрелиндеги жыйынынын №1 протоколундагы ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндө Пакиза суу ИСКАКБнын башкаруу органынын төрайымы Ы.Маматалиеванын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пакиза-Суу ИСКАКБнын жыйынынын 2016-жылдын 08-апрелиндеги № 1 тарифти бекитүү жөнүндө протоколу жактырылсын (тиркелет).
2. 2016-жылга Пакиза-Суу ИСКАКБна арыз менен кайрылып, мүчө болгон абоненттер менен келишим түзүлүп, таза суу менен камсыздалып, ар бир үйгө суу өлчөгүч прибор орнотулуп, сууга бир кубуна 13 сом өлчөмүндө төлөө белгиленсин.
3. Суу өлчөгүч прибору жок суу пайдаланган абоненттерге бир айдын ичинде толук приборлорду орнотуп берүү жагы ИСКАКБ ишканасына милдеттендирилсин, ал эми суу өлчөгүч приборлорду орнотуу үчүн төлөмдөрдү ар бир абонент өздүк эсебинен камсыздасын.
4. Пайдаланылган суусу үчүн суу төлөмдөрүн төлөбөй 1000 сомдон ашкан абоненттердин суусун токтотуу колго алынсын, кайра улоо үчүн 500 сом өлчөмүндө кызмат акы абоненттин өздүк эсебинен төлөнсүн.
5. Суу өлчөгүч прибору бузулган абонент тез арада Таза Суу ИСКАКБ ишканасына билдирип, 3 жумушчу күндүн ичинде башкасын койдурсун, ал эми өз алдынча системаны уруксатсыз бузса, ИСКАКБнын кассасына 5000 сом өлчөмүндө жазана төлөп, кетирилген зыянды калыбына келтирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ИСКАКБ ишканасынын кызматкерлерине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы ишкананын жетекчиси А.Иманахуновго жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманахунов |
Жаны-Турмуш айылы № 1 08.04.2016-жыл.
Чогулушка катышуучулардын саны: 60 адам.
Чогулуштун башчысы: «Пакиза-Суу»ИСКАКБнын правлениесинин төрайымы - Ы.Маматалиева
Чогулуштун катчысы: Э.Мантиева - Правлениенин катчысы
Чогулуштун президиуму:
«Пакиза-Суу» ИСКАКБсынын Правлениесинин мүчөлөрү:
1. Омошов Муса
2. Турганбаев Таалай
3. Анарбаева Батма
4. Аканов Алмаз
5. Матиев Полот
6. Бакаева Айнагул
7. Жунусов Кармышак
1. ”Пакиза-Суу” ИСКАКБсынын 2015-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету.
2. Бюджетти жана штат бирдигин бекитуүү
3. Таза сууга болгон тарифти бекитүү.
УГУЛДУ: Чогулушту ачуу үчүн «Пакиза-Суу»ИСКАКБсынын жетекчиси А.Иманахунов ачып, «Пакиза-Суу»ИСКАКБсынын правлениесинин төрайымы Ы.Маматаливага берди.
Урматтуу Жошолу айыл өкмөтүндөгү«Пакиза-Суу»ИСКАКБсынын жалпы чогулушунун мүчөлөрү, 2015-жылда 360 күн болсо,360 күн үзгүлтүксүз суу бергенге жетиштик. Кээ бир айылдарда ремонт иштери жүрүп жатканда таза суу системасы токтотулбастан толугу менен суу берилди. “Пакиза-Суу” ИСКАКБсы Жошолу айыл өкмөтү боюнча 6 айылды таза суу менен камсыздап,509 кожолук үйлөрүнөн суу эсептегич менен суу пайдаланышат.340 кожолук көчөдөн ташып ичишет.474 кожолук таза суу системасынан пайдаланышпайт.390 кожолук убактылуу жашабайт. Жалпы 1713 кожолук такталып чыккан. Бардык 6 айылды тейлөө үчүн системанын узундугу 23 км болуп,айылдар чачкын жайгашкандыктан бир топ кыйынчылыктар болуп келет. Жыл ичинде 70 жерден ремонт жасалган.Ремонт учурунда элге 3 күн мурда кулактандыруулар берилип турат.Авария болгон учурда суу токтотулат. 2015-жылда Польша Тышкы иштер министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүлүп,2мл.2 миң 144 135 сомдук долбоор түзүлүп, анын ичинен Польша Тышкы иштер министрлиги 1 396 786 сом грант түрүндө берип,744 349 миң сомду элдик салым болуп 28-декабрына чейин иштешип , суу алынуучу булактан суу кампага чейин 2000 метр аралыкка дм.110 мм.болгон суу тутугу менен кошумча суу тартылды,андан тышкары Миязды айылына 800метр жерге дм.50мм.болгон темир суу түтүгү тартылып,элдин демилгеси менен 200метр кошулуп жалпы 1000метр аралыкка жаңы суу түтүгү тартылган. Жаңы-Турмуш айылына 500 метр дм 50мм.болгон суу түтүгү тартылып,элдин демилгеси менен 250 метр кошулуп, жалпы 750 метр аралыкка жаңы суу түтүгү тартылууда. Жогорудагы иштердин жыйынтыгы менен элди үзгүлтүксүз сапаттуу таза суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот.
УГУЛДУ: Күн тартибинде каралуучу 2-маселе боюнча “Пакиза-Суу»коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Иманахунов сүйлөп,төмөндөгүлөргө токтолду:
-Бизде көйгөй көп, 7 адам үзгүлтүксүз иштешет,аларга төлөмдөрдөн айлык беребиз.Правлениеде 9 адам иштешип,бизге жардам берип турушат.
Тариф көтөрүлбөйт, мурунку боюнча калат.Жошолу айылы боюнча калонкалардын баары жабылат. Ош облусу боюнча “Пакиза-Суу”коомдук бирикмеси эң алдынкылардан,бирок төлөм боюнча начар десек болот. Аюу- Тапан айылындагы ФАПка 30 миң сомго солнечный коллектр койдурдук, жыйынтыгында жайы -кышы ысык суу менен камсыз болушту.
Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы – Журсунбек Омурзаков
Суроо: -Таза суу системасын токтоткондо ремонт учурунда кайсы айылда болсо, ошол айылдын гана системасын токтотсо болобу?
Жооп: -Болот,ал үчүн биз ар бир айылга задвишка коюшубуз керек,ага каражат маселеси жок, бирок бул маселени да ойлонуштуруп жатабыз.
Правлениенин мүчөсү-Омошов Муса:
Мен айыл өкмөт болуп иштеген жылдары биздин айыл өкмөттөгүдөй суу эч жерде жок эле,шарт жакшы 500дөн көп үйгө суу киргизилиптир.Ушул суунун уланып иштешине жардам берели.Ар бир айылга суу бериш өтө кыйын,суунун кадыры жок болуп жатат. Туугандар сууну жок кылып албайлы, ушинтип төлөм аз болуп турса эле система токтоп калышы мүмкүн. Менин сунушум аялдарды көбүрөөк чогулушука чакыргыла. Аялдарды түшүндүрүү иштерине тарткыла.
Жаңы-Турмуш айылынын тургуну:- Апазов Сапарбек :
Ар бир айылга задвишка койдуруп,төлөм болбосо суусун узуп салыш керек.Качан төлөгөндө улаш керек,мындай катуурак чара корбосо таза суубуз токтоп калышы мумкун.
Угулду : Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча «Пакиза-Суу»коомдук бирикмесинин торагасы - А.Иманахунов төмөндөгүлөрдү белгиледи:
Эми штаттык бирдикти сиздер менен биргеликте бекитсек.
Штаттык бирдик
1. Төрага 12 000*12=144 000 сом
2. Бухгалтер 8 000*12=96 000 сом
3. Контролер 3*5 000=15 000*12=180 000 сом
4. Сан техник 2*4 500=9 000*12=108 000 сом
5. Сварщик 4 500*12=54 000 сом
6. Кароол 4 000*12=48 000
Баары : 630 000 мин сом.
Жогорудагы «Пакиза-Суу»ИСКАКБысынын 2015-жылдагы аткарган иштеринин бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап элдик жыйын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Пакиза-Суу»ИСКАКБсынын 2015-жылдагы аткарган иштери “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Штаттык бирдиги бекитилсин.
3. 2016-жылга «Пакиза-Суу»ИСКАКБсына арыз менен кайрылып ,мүчө болгон абоненттер менен келишим түзүлүп ,таза суу менен камсыздалсын.
4. Ар бир үйгө суу өлчөгүч прибор орнотулуп,бир кубуна 13 сомдон төлөнсүн.
5. Суу өлчөгүч прибору жок ,суу пайдаланган абоненттерге бир ай ичинде толук суу өлчөгүч прибор орнотулсун.Суу өлчөгүч приборлорду ар бир абонент өздөрү камсыздасын.
6. Суу төлөмдөрүн төлөбөй ,1000 сомдон ашкан абоненттин суусу үзүлсүн,кайра улатуу учун 500 сом кызмат акы үчүн төлөнсүн.
7. Өз алдынча системаны уруксатсыз бузса, ИСКАКБнын кассасына 5000 сом өлчөмүндө акча тогуп,кетирилген зыян калыбына келтирилсин.
8. Суу эсептегичи бузулган абонент тез арада ИСКАКБга билдирип, үч күндүн ичинде өзүнүн эсебинен эсептегич койдурсун.
9. Счетчикке чейин суу системасын үзүп уурдап колдонсо, ага 1000 сом жазана төлөп,1 ай таза суусу токтотулсун.Кайра улаганда 500 сом төлөшсүн
10. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы «Пакиза-Суу»ИСКАКБсынын аткаруучу директору А.Иманахуновго жүктөлсүн.
№ | Мазмуну | Кожолук | Бир айга | Жылдык суммасы | |
1 | Көчөдөн суу ичкендер | 100 | 5000 | 60 000 | |
2 | Короодон суу ичкендер | 765 | 45 900 | 550 800 | |
3 | Ичпегендер | 467 |
| 0 | |
4 | анын ичинен Коммунизм айылы | 150 |
| 0 | |
5 | анын ичинен Коммунизм суу ичүүчүлөр | 95 | 5 700 | 68 400 | |
6 | уруксат үчүн | 50 |
| 150 000 | |
7 | айыл өкмөттүн бюджетинен |
|
| 34 000 | |
8 | уруксат төлөбөгөндөр | 35 |
| 105 000 | |
9 | Курманжан дата айылы | 200 | 12 000 | 144 000 | |
10 | Бардыгы |
|
| 1 112 200 | |
"Пакиза-Суу" ИСКАКБсынын 2016-жылга Чыгаша бөлүгү
№ | Мазмуну | Бир айга | Жылдык суммасы | ||
1 | Эмгек акыга | 52 500 | 630 000 | ||
2 | Соц.фондго | 3 000 | 36 000 | ||
3 | Бир жылдык ремонтко | 12 500 | 150 000 | ||
4 | Бензин | 9 000 | 108 000 | ||
5 | Салык | 1 683 | 20 196 | ||
6 | 5% Кайтаруу | 0 | 88 000 | ||
7 | Прочий расходко | 4 166 | 50 000 | ||
8 |
| 0 | 10 000 | ||
Хлорго |
| ||||
9 | СЭСке кызмат корсотууго | 0 | 5 000 | ||
10 | РЭС ке | 0 | 5 000 | ||
11 | Конц.товарга | 833 | 10 000 | ||
Баардык суммасы | 830682 | 1112196 | |||
“Пакиза-Суу” ИСКАКБнын 2016-жылга штаттык расписаниеси
№ | Кызматы | Штаттык саны | Айлык эмгек акысы | Бир жылдык эмгек | Бардык суммасы |
1 | Төрага | 1 | 12 000 | 144 000 |
|
2 | Бухгалтер | 1 | 8 000 | 96 000 |
|
3 | Контролер | 3 | 15 000 | 180 000 |
|
4 | Сан техник | 2 | 9 000 | 108 000 |
|
5 | Сварщик | 1 | 4 500 | 54 000 |
|
6 | Кароол | 1 | 4 000 | 48 000 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 9 | 52 500 | 630 000 |
|