Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-августу №22/7
Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургундарынын жана жаштарынын 2016- жылдын 14-июлундагы Сур айылына АРИСтин жана элдин демилгеси менен тартылган газ түтүкчөсүн Бирлик айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, элге кайтарып берүү жөнүндөгү арызын карап , талкуулап Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл өкмөтүнүн Сур айылынын тургундарынын арызынын негизинде АРИСтин жана элдин демилгеси менен газ үчүн тартылган 4290 м/п турбаны Бирлик аыйл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, тиешелүү документтерин берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
2. Бирлик айыл өкмөтүнөн комиссия түзүлүп, газ экспертизасынын амортизациясын чыгарып элге өткөрүп берүү жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К. Шакиров |
|
|