Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры №14/1
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибинде маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016–жылдын 16-майындагы №59 «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018 – жылдын бюджети киреше булагы кошумча алымчасы менен 19372,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 19372,1 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2019 – жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 19660,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 19660,1 миң сомго № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2020 – жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 19612,2 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 19612,2 миң сомго №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018 – 2020-жылдар үчүн атайын каражаттар эсебине кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө 1879,2 миң сом № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге жүргүзүлсүн.
6. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
7. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга түзүлгөн бюджетинин жумшалышын, сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи А. Мадумаровко тапшырылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Абдурахманов |
|
|