Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры №14/2
Бүгүнкү күндө айыл өкмөтү тарабынан таштандыларды таштоо үчүн жана “Беккер” чуңкуру үчүн атайын жер аянты ажыратылган.
Айыл өкмөтүнүн аймагында тазалыкты сактоо менен бирге ар кандай жугуштуу оруулардын алдын алуу максатында белгиленген график боюнча айылдардан таштандыларды жыйнап, таштандыларды таштоочу жерге алып барып төксө жана таштандыларды иштеп чыкса, жеке ишкер Б.Айтбаевдин айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды төгүүчү жайды ижарага алуу боюнча кайрылуусу максаттуу.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнөн 3 га жер аянты таштандыларды таштоо үчүн акысыз ижарага берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилер мектептер,бала бакчалар, ҮБДТ, ФАПтар, медресе, мечиттердин, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн жана жеңилдиктерден пайдалануучу атуулдардын таштандыларын акысыз ташып берүү жагы жеке ишкер Б.Айтбаевге милдеттендирилсин.
3. Жеке унаасы менен таштанды жүктөп барган А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жашоочулары таштанды төгүүчү жайга акысыз киргизилсин.
4. Жеке ишкер Б.Айтбаев менен келишим түзүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысы А.Мадумаровго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын мыйзамдуу көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Абдурахманов |
|
|