Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-июлу №12-1
Айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында сунуштаган почта менен кампанын ортосундагы 90,0 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алуу менен аукцион аркылуу ижарага берүү тууралуу маселесин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында сунуштаган маселеси жактырылсын.
2. Почта менен кампанын ортосундагы 90,0 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алынып, убактылуу пайдалануу үчүн аукцион аркылуу ижарага берүүгө уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Тѳрага | Абдибает уулу М. |
|
|