Редакцияот 04.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 04-июлу №12-3

Куу-майдан айылындагы эски тери цехтин ордуна терини кайра иштетүүчү кичи ишкана курууга уруксат берүү тууралуу

 

Куу-майдан айылынын 9-контурунда жайгашкан эски тери цехтин ордуна терини кайра иштетүүчү кичи ишкана куруу тууралуу айыл башчынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Куу-майдан айылындагы эски тери цехтин ордуна терини кайра иштетүүчү кичи ишкана курууга уруксат берилсин.

2.    Кичи ишкананын ордун тактап, жерин өлчөп ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Тѳрага

Абдибает уулу М.